КОШО АТКАРУУЧУЛУК – кылмыш-жаза укугунун теориясында кошо катышкандыктын бир түрү, мында эки же андан көп адам бир эле кылмыштын аткаруучулары болуп саналышат.
КОШО КАМСЫЗДАНДЫРУУ – КР жарандык мыйзамдарына ылайык, бир объектини бир келишим боюнча бирнече камсыздандыруучулар менен биргелешип камсыздандыруу. Эгер мындай келишимде камсыздануучунун (пайдалануучунун) алдында ар камсыздандыруучунун милдеттенмелери аныкталбаса, алар анын алдында мүлктүк камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу төлөмдөрү үчүн же жеке камсыздандыруу келишими боюнча камсыздандыруу кошундусу үчүн ортоктош жооп беришет.